ИВАНИЦЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВАНИ́ЦЫН Алексей Илларионович (1870, Одес­са – 5. 1. 1925, Ташкент) – Кыргызстанда, анын ичинде Пиш­пекте туңгуч большевиктер уюмун түзүү ж-а Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөндөрдөн.

А. И. Иваницындын эстелиги. Бишкек шаары.

1916-жылы Пишпекке келип, большевик­тер м-н байланыш түзгөн. 1917-жылы ок­тябрда өзү эмгек­тенген Чүй сугат тармагынын ку­рулушунда боль­шевиктердин жа­шыруун тобун уюштурган. Ал топ 1917-жылдын аягында Пиш­пек большевиктерине кошулган. 1918-жылы фев­ралда Пишпекте Совет бийлиги орнотулуп, ап­релде РКП(б)нин Пишпек уезддик-шаардык комитети түзүлүп, анын 1-секретары болуп шайланган. Ысмы Бишкек шаарынын бир көчөсүнө ыйгарылып, эстелиги тургузулган.