ИБН АЛ-АСИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 11 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН АЛ-АСИ́Р Изз-ад-дин Абу-л-Хусайн Али ибн Мухаммад ибн ал-Асир (1160–1233/34) – араб акыны, филолог ж-а тарыхчы. Тигр дарыясынын жээгиндеги Жезират ибн-Омар шаарында туулган. Арабиядан тышкары Сирия ж-а Палестина өлкөлөрүнө саякат кылган. Жыл саноо систе­масын колдонуп жазган көп томдуу эмгеги «ал- Камил фи-т-тарих"(«Толук жыйнактуу тарых») деп аталат. Жазма булактар, сурамжылоо же жекече байкоолор аркылуу жазылган бул эм­гектин калган бөлүгү хижранын 628-жылына (1231) чейин баяндалган. Анда бизге жетпей калган чыгармалардан (мисалы, ас-Салламинин, ал-Утбинин) баалуу үзүндүлөр сакталган. Кээ бир белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 751-жылы июл­дагы Талас суусунун жээгиндеги араб-кытай согушу) тууралуу маалыматтар Ибн ал-Асирдин китебинде гана кездешет. Булардан башка Ка­раханиддердин тарыхы же алардын 940-жылы Ба­ласагун шаарын басып алышынан баштап, 13-кылымга чейинки окуялар, алардан тышкары кара-кы­тайлардын (кидандардын), уйгурлардын та­рыхы боюнча ж-а моңголдордун Орто Азияны басып алышына байланыштуу баалуу маалыматтар бар. Ибн ал-Асирдин китеби бир нече жолу ба­сылып, Орто Азия м-н Казакстанга тийиштүү маалыматтары С. Торнбергдин котормосунда чыккан.


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыр­гызстана. Т. 1. Б., 2002.


Т. Жуманалиев.