ЗЫНДАН СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:45, 11 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫНДАН СУУ – Өзгөн районундагы суу, Жазы­нын оң куймасы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 247 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк капта­лынан башталып, капчыгай аркылуу агат. Тоо­дон чыкканда өрөөнү кеңейип, салааларга бөлү­нөт. Алабында көптөгөн булактар ж-а жер көч­күлөр бар. Жылдык орточо чыгымы 2,61 м3/сек. Апрелде кире баштап, августта тартылат. Су­гатка пайдаланылат.