ЗЫНДАН СУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫНДАН СУУ – Өзгөн районундагы суу, Жазынын оң куймасы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 247 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк капталынан башталып, капчыгай аркылуу агат. Тоодон чыкканда өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнөт. Алабында көптөгөн булактар ж-а жер көчкүлөр бар. Жылдык орточо чыгымы 2,61 м3/сек. Апрелде кире баштап, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат.