ЗОРОАСТРИЗМ
ЗОРОАСТРИ́ЗМ – 1) байыркы доордо, алгачкы орто кылымдарда Орто Азия, Иран, Афганстан, Азербайжанда, Жакынкы ж-а Орто Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө, соңку мезгилде Индиядагы перстер м-н Ирандагы гебрлер арасында таралган дин. Ал пайгамбар Зооастрдын (Иранда Заратуштра) ысмы боюнча аталып калган. 2) Б. з. ч. 7–6- кылымдардагы байыркы ирандыктардын «Авеста» аттуу ыйык китебинде жазылган пайгамбар Зороастранын (Заратуштра) окуусу. Зороастризмдин философиялык окуусунун негизинде кош башаттуу дүйнө (дуализм), башкача айтканда жакшылык м-н жаманчылык, жарыкчылык м-н караңгычылык сыяктуу ортосунда дайыма элдешпес күрөш жүрүп туруучу эки башталыштуу дүйнө жатат. Зороастризмдин негизги принциптери: Ахурамазда кудайдын бирдигине ишенүү; «түбөлүктүү эки башталманы» – жакшылык м-н жамандыкты карама-каршы коюу, алардын ортосундагы күрөш дүйнөлүк процесстин негизин түзөт деп эсептөө; акыры жакшылыктын жеңип чыгарына ишенүү.