ЗОРОАСТРИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОРОАСТРИ́ЗМ – 1) байыркы доордо, алгачкы орто кылымдарда Орто Азия, Иран, Афганстан, Азер­байжанда, Жакынкы ж-а Орто Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө, соңку мезгилде Индиядагы перстер м-н Ирандагы гебрлер арасында таралган дин. Ал пайгамбар Зооастрдын (Иранда Заратушт­ра) ысмы боюнча аталып калган. 2) Б. з. ч. 7–6- кылымдардагы байыркы ирандыктардын «Авеста» ат­туу ыйык китебинде жазылган пайгамбар Зо­роастранын (Заратуштра) окуусу. Зороастризмдин философиялык окуусунун негизинде кош башаттуу дүйнө (дуа­лизм), башкача айтканда жакшылык м-н жаманчылык, жа­рыкчылык м-н караңгычылык сыяктуу орто­сунда дайыма элдешпес күрөш жүрүп туруучу эки башталыштуу дүйнө жатат. Зороастризмдин негизги принциптери: Ахурамазда кудайдын бирдигине ишенүү; «түбөлүктүү эки башталманы» – жак­шылык м-н жамандыкты карама-каршы коюу, алардын ортосундагы күрөш дүйнөлүк процесс­тин негизин түзөт деп эсептөө; акыры жакшы­лыктын жеңип чыгарына ишенүү.