ЗЕРАВШАН КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРАВША́Н КЫРКА ТООСУ Ысар-Алай тоо ту­тумунда, Зеравшан дарысынан түштүк тарапта, Өзбек­стан м-н Тажикстандын аймагында. Узундугу 370 км­дей. Бийиктиги 5489 мге чейин (Чимтарга чоку­су). Негизинен кристаллдык сланец ж-а акиташ тоотектеринен, айрым жери граниттен турат. Чыгышы (Фандарыя суусуна чейин) бийик тоо­луу, батышы орто бийик тоо рельефтүү. Мын­да рельефтин карсттык формасы өөрчүгөн (Киев үңкүрүнүн тереңдиги 950 м). Мөңгүлөрүнүн жал­пы аянты 307 км2. Капталдарын сейрек токой, тоо-талаа өсүмдүктөрү ж-а альп шалбаасы ээлейт.