ЗЕРАВШАН КЫРКА ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЕРАВША́Н КЫРКА ТООСУ Ысар-Алай тоо тутумунда, Зеравшан дарысынан түштүк тарапта, Өзбекстан м-н Тажикстандын аймагында. Узундугу 370 кмдей. Бийиктиги 5489 мге чейин (Чимтарга чокусу). Негизинен кристаллдык сланец ж-а акиташ тоотектеринен, айрым жери граниттен турат. Чыгышы (Фандарыя суусуна чейин) бийик тоолуу, батышы орто бийик тоо рельефтүү. Мында рельефтин карсттык формасы өөрчүгөн (Киев үңкүрүнүн тереңдиги 950 м). Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 307 км2. Капталдарын сейрек токой, тоо-талаа өсүмдүктөрү ж-а альп шалбаасы ээлейт.