ЗЕНКОВ
ЗЕНКО́В Геннадий Степанович (28. 8. 1924, Кытай, Шара-Сумэ шаары – 23. 10. 2004, Бишкек) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1993), профессор (1991). КРдин эмгек сиңирген мугалими (1979). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1950). 1953– 2004-жылдарга чейин КМУда ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан болуп эмгектенген. Зенков тил илиминин типологиялык түзүлүшүн, негизинен орус тилиндеги сөздөрдүн түзүлүш жолдорун изилдеген. 150дөн ашык илимий эмгеги бар. Ата Мекендик согуш ордени ж-а бир нече медаль м-н сыйланган.