ЗЕНКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕНКО́В Геннадий Степанович (28. 8. 1924, Кы­тай, Шара-Сумэ шаары – 23. 10. 2004, Бишкек) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1993), профессор (1991). КРдин эмгек сиңирген мугалими (1979). Кыр­гыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1950). 1953– 2004-жылдарга чейин КМУда ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан болуп эмгектенген. Зенков тил илиминин типологиялык түзүлүшүн, негизинен орус тилиндеги сөздөрдүн түзүлүш жолдорун изилдеген. 150дөн ашык илимий эмгеги бар. Ата Ме­кендик согуш ордени ж-а бир нече медаль м-н сыйланган.