ЗЕЛЬДОВИЧ Яков Борисович
ЗЕЛЬДО́ВИЧ Яков Борисович [23. 2(8. 3). 1914, Минск – 2. 12. 1987, Москва] – орус физик-теоретиги; күйүү, детонация ж-а согуу толкундарынын азыркы теориясына негиз салуучулардын бири ж-а илимий мектепти түзүүчү. СССР ИАнын академиги (1958; корреспондент-мүчө, 1946), үч жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры. СССР ИАнын химиялык физика институтунда (1931), колдонмо математика институтунда (1964) иштеген. ММУда профессор (1966-жылдан). Физика, химия, астрофизика, элементардык бөлүкчөлөр теориясы, ядролук физиканын тармактары боюнча маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1939–41-жылдарда орус физиги Ю. Б. Харитон м-н бирге биринчи болуп урандын уланма реакциясын эсептеп чыгууну жүзөгө ашырган. Советтик ядролук куралды чыгарууга катышкан. Лениндик сыйлыктын (1957), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943, 1949, 1951, 1953) лауреаты.

Беш Ленин, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Знакомый, незнакомый Зельдович в воспоминаниях друзей, коллег, учеников. М., 1993.