ЗАРИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 6 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРИ́НА (б. з. ч. 4-к-дын аягы – 3-к-дын ба­шы) – байыркы сак урууларынын падышасы. Зарина жөнүндө байыркы тарыхчылар Ктесий (б. з. ч. 5–4-кылымдар), Диодор (б. з. ч. 90–21-жылдар) баян кылыш­кан. Анда Парфия үчүн сактар м-н согушуп жаткан Мидия падышасы Стриангия Заринаны жа­радар кылганын, ошондой эле Заринанын акылман, эр­ жүрөк, сулуулугу ж-а сактардын жерине көз арткан далай падышаларды жеңип, көптөгөн шаарларды курганы айтылат. Орус тарыхчысы В. Н. Татищев (1686–1750) өзүнүн сөздүгүндө Заринанын алтындан жасалган эстелиги бар экенин эскерген.


Ад.: Пьянков И. В. Средняя Азия в известиях ан­тичного историка Ктесия. Душ., 1975.