ЗАРИНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАРИ́НА (б. з. ч. 4-к-дын аягы – 3-к-дын башы) – байыркы сак урууларынын падышасы. Зарина жөнүндө байыркы тарыхчылар Ктесий (б. з. ч. 5–4-кылымдар), Диодор (б. з. ч. 90–21-жылдар) баян кылышкан. Анда Парфия үчүн сактар м-н согушуп жаткан Мидия падышасы Стриангия Заринаны жарадар кылганын, ошондой эле Заринанын акылман, эр жүрөк, сулуулугу ж-а сактардын жерине көз арткан далай падышаларды жеңип, көптөгөн шаарларды курганы айтылат. Орус тарыхчысы В. Н. Татищев (1686–1750) өзүнүн сөздүгүндө Заринанын алтындан жасалган эстелиги бар экенин эскерген.
Ад.: Пьянков И. В. Средняя Азия в известиях античного историка Ктесия. Душ., 1975.