ЗАПОРОЖЬЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 6 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАПОРО́ЖЬЕ (1921-жылга чейин Александровск) – Украинадагы шаар (1806-жылдан). Запорожье облусунун административдик борбору. Днепр дарыясындагы порт. Кал­кы 787,3 миң (2007); шаар аймагы м-н 1,1 млн) Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кара («Запорожсталь» комбинаты, «Днепрспецсталь» заводу ж. б.) ж-а түстүү (титан-магний комбина­ты, алюминий заводу) металлургия, машина ку­руу (электр-техника өнөр жайы, «АвтоЗАЗ», «Моторост­роитель» өндүрүш бирикмеси ж. б.), химия, кокс­химия, жеңил, тамак-аш – татымал өнөр жайы, Днепр ГЭСи иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде университет), 3 театр, край таануу ж-а сүрөт музейлери бар. 1770-жылы негизделген.