ЗАПОРОЖЬЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАПОРО́ЖЬЕ (1921-жылга чейин Александровск) – Украинадагы шаар (1806-жылдан). Запорожье облусунун административдик борбору. Днепр дарыясындагы порт. Калкы 710,1 миң (2022); шаар аймагы м-н 1,1 млн) Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кара («Запорожсталь» комбинаты, «Днепрспецсталь» заводу ж. б.) ж-а түстүү (титан-магний комбинаты, алюминий заводу) металлургия, машина куруу (электр-техника өнөр жайы, «АвтоЗАЗ», «Моторостроитель» өндүрүш бирикмеси ж. б.), химия, коксхимия, жеңил, тамак-аш – татымал өнөр жайы, Днепр ГЭСи иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде университет), 3 театр, край таануу ж-а сүрөт музейлери бар. 1770-жылы негизделген.