ЗАКАВКАЗЬЕ ФЕДЕРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАКАВКА́ЗЬЕ ФЕДЕРАЦИЯСЫ (12. 3. 1922–5. 12. 1936) – Азербайжан, Армения ж-а Грузия советтик республикаларынын бирикмеси. 1922-жылы 13-декабр­дан Закавказ Советтик Федерациялык Социа­листтик Республикасы (ЗСФСР). 1922-жылы 30-де­кабрда ЗСФСР, РСФСР, Украин ж-а Белорус ССРлери м-н СССРге бириккен. СССРдин 1936-жылы кабыл алынган Конституциясына ылайык ЗСФСР таркатылып, Азербайжан, Армения, Грузия СССРдин курамында өз алдынча союз­дук республикалар болуп кайра түзүлгөн.