ЗАКАВКАЗЬЕ ФЕДЕРАЦИЯСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАКАВКА́ЗЬЕ ФЕДЕРАЦИЯСЫ (12. 3. 1922–5. 12. 1936) – Азербайжан, Армения ж-а Грузия советтик республикаларынын бирикмеси. 1922-жылы 13-декабрдан Закавказ Советтик Федерациялык Социалисттик Республикасы (ЗСФСР). 1922-жылы 30-декабрда ЗСФСР, РСФСР, Украин ж-а Белорус ССРлери м-н СССРге бириккен. СССРдин 1936-жылы кабыл алынган Конституциясына ылайык ЗСФСР таркатылып, Азербайжан, Армения, Грузия СССРдин курамында өз алдынча союздук республикалар болуп кайра түзүлгөн.