ЗАЙСАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАЙСАН – Казакстандын чыгышындагы көл; Зайсан өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 1,8 миң км2. Тереңдиги 10 мге чейин. Кара Иртыш дарыясы куюп, Иртыш дарыясы агып чыгат. Иртыш дарыясына Бук­турма ГЭСи курулгандан кийин, көл Буктурма суу сактагычынын (5,5 миң км2) бир бөлүгүнө айланган. Ноябрдан майга чейин тоңот. Жай­кысын кеме жүрөт. Балык өстүрүлөт.