ЗАЙСАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАЙСАН – Казакстандын чыгышындагы көл; Зайсан өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 1,8 миң км2. Тереңдиги 10 мге чейин. Кара Иртыш дарыясы куюп, Иртыш дарыясы агып чыгат. Иртыш дарыясына Буктурма ГЭСи курулгандан кийин, көл Буктурма суу сактагычынын (5,5 миң км2) бир бөлүгүнө айланган. Ноябрдан майга чейин тоңот. Жайкысын кеме жүрөт. Балык өстүрүлөт.