ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:06, 20 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУТүркстан Республикасы­нын 1920-жылдын 8-февралдагы токтому боюнча Орто Азия­да ак гвардиячыларга жана басмачыларга (кара: Басмачылык) кар­шы түзүлгөн аскердик бөлүк. Верный жана Пиш­пек уезддеринен куралган бул полктун кол башчысы Магазы Масанчин болгон. Дунган атчандар полку 1921-жылы Фергана өрөөнүндө Сали Максум, Аман-палван ж.б. корбашылар башындагы басмачылар тобун талкалап, Оро-Төбө районун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-жылы басмачылардын негизги күч­төрү талкалангандан кийин таркатылган.