ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ – Түркстан Республикасынын 1920-жылдын 8-февралдагы токтому боюнча Орто Азияда ак гвардиячыларга жана басмачыларга (кара: Басмачылык) каршы түзүлгөн аскердик бөлүк. Верный жана Пишпек уезддеринен куралган бул полктун кол башчысы Магазы Масанчин болгон. Дунган атчандар полку 1921-жылы Фергана өрөөнүндө Сали Максум, Аман-палван ж.б. корбашылар башындагы басмачылар тобун талкалап, Оро-Төбө районун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-жылы басмачылардын негизги күчтөрү талкалангандан кийин таркатылган.