ДОСТУК БЕРИЛЛИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 49 км түндүктө, Кур-Сай жана Достук-Сай сууларынын аралыгын­да, деңиз деңгээлинен 2250–2450 м бийиктикте жай­гашкан. 1961–65-жылдарда издөө-баалоо иштери жүр­гүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терри­ген-жанар тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку пермдин лейкократтуу граниттери жиреп чык­кан. Кенташ тулкулары фенакит жана берилл ми­нералдары менен флюорит метасоматитинен түзү­лүп, түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарапка созул­ган талкаланды зоналарда жайгашкан. Кенташ тулкуларынын узундугу 20–500 м, калыңдыгы 0,1 мден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү 0,113%. Кенташтын болжолдуу ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.