ДОСТУК БЕРИЛЛИЙ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 49 км түндүктө, Кур-Сай жана Достук-Сай сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 2250–2450 м бийиктикте жайгашкан. 1961–65-жылдарда издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терриген-жанар тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку пермдин лейкократтуу граниттери жиреп чыккан. Кенташ тулкулары фенакит жана берилл минералдары менен флюорит метасоматитинен түзүлүп, түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарапка созулган талкаланды зоналарда жайгашкан. Кенташ тулкуларынын узундугу 20–500 м, калыңдыгы 0,1 мден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү 0,113%. Кенташтын болжолдуу ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.