ДНЕСТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДНЕСТР – Чыгыш Европадагы дарыя. Украина жана Молдованын аймагы менен (айрым бөлүгү эки республиканын чек арасы аркылуу) агат. Узундугу 1352 км, алабынын аянты 72,1 км2. Кара деңиздин Днестр лиманына куят. Жогорку агымында – тоо да­рыясы, Галич шаарынан ылдый агымы жайлап, тө­мөнкү агымы Кара деңиз бою ойдуңундагы жа­йык өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Стрый, Реут (оң), Сереет, Збруч (сол). Суусунун орточо чыгымы Бендеры шаары тушта 310 м3/сек. Жа­йында кирет. Айрым жылдарда тоңот. Днестрде Ду­боссары ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Су­гатка, сал агызууда (жогорку агымы) пайдала­нылат. Сороки шаарынан Дубоссары ГЭСине чейин үзгүлтүксүз кеме каттайт. Боюнда Могилёв-По­дольский (Украина), Сороки, Рыбница, Бенде­ры, Тирасполь (Молдова) шаарлары жайгашкан.