ДНЕСТР
ДНЕСТР – Чыгыш Европадагы дарыя. Украина жана Молдованын аймагы менен (айрым бөлүгү эки республиканын чек арасы аркылуу) агат. Узундугу 1352 км, алабынын аянты 72,1 км2. Кара деңиздин Днестр лиманына куят. Жогорку агымында – тоо дарыясы, Галич шаарынан ылдый агымы жайлап, төмөнкү агымы Кара деңиз бою ойдуңундагы жайык өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Стрый, Реут (оң), Сереет, Збруч (сол). Суусунун орточо чыгымы Бендеры шаары тушта 310 м3/сек. Жайында кирет. Айрым жылдарда тоңот. Днестрде Дубоссары ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Сугатка, сал агызууда (жогорку агымы) пайдаланылат. Сороки шаарынан Дубоссары ГЭСине чейин үзгүлтүксүз кеме каттайт. Боюнда Могилёв-Подольский (Украина), Сороки, Рыбница, Бендеры, Тирасполь (Молдова) шаарлары жайгашкан.