ДАМАСК
ДАМА́СК (арабча Д и м и ш к) – Сирия Араб Республикасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун этегинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,5 млн (2022). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн негизги соода-өнөр жай, финансы жана маданий борбору. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск жана Араб академиясы, университет, институттар (айыл чарба, политехникалык), калк китепканасы (Жакынкы Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (анын ичинде аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк (алтын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач египет фараондорунун 18-династиясынын документтеринде жана байыркы осуят китебинде маданий жана кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-жылы Темирландын аскерлери шаарды басып

алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөрчүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан Орто Азияга (Самаркандга) алып келген. Биздин заманга чейин 11-кылымдын аягынан биздин заманга чейин 732-жылга чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-жылдарда Омейяддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон империясынын курамында болгон. 1920–43-жылдарда Сириядагы Франциянын мандат менен башкарылуучу аймагы, 1943-жылдан көз каранды эмес Сириянын борбору. Байыркы жана орто кылымдын архитектуралык эстеликтери – шаардын тарыхый жана маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка жана Ыйык Юпитер Дамасский (1-кылым) колоннасы, Омейяддар, Такия Сулаймания жана Дервишия мечиттери (8-кылым), Нур-ад-дин госпиталы (12-кылым), 12–13-кылымдардын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.