ДАМАСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАМА́СК (арабча Д и м и ш к) – Сирия Араб Респ­убликасынын борбор шаары. Антиливан тоосунун эте­гинде, Барада дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 2,5 млн (2022). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн не­гизги соода-өнөр жай, финансы жана маданий борбо­ру. Тамак-аш, текстиль, дары-дармек өнөр жай ишканалары иштейт. Дамаск жана Араб акаде­миясы, университет, институттар (айыл чарба, политехникалык), калк ки­тепканасы (Жакынкы Чыгыштагы эӊ ири), театрлар, музейлер (анын ичинде аскер курал-жарактары, кылыч, канжар) бар. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк (ал­тын, күмүш, жез, жыгач буюмдарын жасоо, килем, кездеме токуу) өнүккөн. Дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын эӊ байыркысы. Алгач еги­пет фараондорунун 18-династиясынын документ­теринде жана байыркы осуят китебинде маданий жана кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 1401-жылы Темирландын аскерлери шаарды басып

Шаардын жалпы көрүнүшү.

алып, 30 миӊ омейядды мечитке камап, өрттөп жиберген. Алардын ичинен эӊ мыкты кол өнөр­чүлөрдү, зергерлерди (өзгөчө алтын кармаган) Темирлан Орто Азияга (Самаркандга) алып кел­ген. Биздин заманга чейин 11-кылымдын аягынан биздин заманга чейин 732-жыл­га чейин Дамаск хандыгынын, 661–750-жылдарда Омей­яддар халифатынын борбору. 1517-жылдан 1- дүйнөлүк согуштун аягына чейин Осмон импе­риясынын курамында болгон. 1920–43-жылдарда Си­риядагы Франциянын мандат менен башкарылуу­чу аймагы, 1943-жылдан көз каранды эмес Си­риянын борбору. Байыркы жана орто кылымдын архитектуралык эстеликтери – шаардын тары­хый жана маданий байлыгы. Шаарды айланта курулган дубалдар, дарбаза, монументтик арка жана Ыйык Юпитер Дамасский (1-кылым) колоннасы, Омейяддар, Такия Сулаймания жана Дер­вишия мечиттери (8-кылым), Нур-ад-дин госпиталы (12-кылым), 12–13-кылымдардын көптөгөн медреселери, Азем ак сарайы, эмир Салах-ад-Диндин мавзолейи бар. Шаардын байыркы бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.