ВАНТ-ГОФФ ЭРЕЖЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНТ-ГОФФ ЭРЕЖЕСИ – химиялык реакциянын ылдамдыгынын температурага көз карандылыгын мүнөздөөчү эреже. Ал боюнча температура 10°Сге жогорулаганда химиялык реакциянын ылдамдыгы болжол менен 2–4 эсеге күчөйт. . Ошондуктан көпчүлүк химиялык реакциялар жогорку температурада жүрөт. Бул эрежени голландиялык физик-химик Вант-Гофф ачкан. Химиялык реакциянын ылдамдык константасынын температурага болгон көз карандылыгынын тагыраак теӊдемесин А. С. Аррениус сунуштаган.