ВАНТ-ГОФФ ЭРЕЖЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНТ-ГОФФ ЭРЕЖЕСИ – химиялык реакциянын ылдамдыгынын температурага көз карандылыгын мүнөздөөчү эреже. Ал боюнча температура 10°Сге жогорулаганда химиялык реакциянын ылдамдыгы болжол менен 2–4 эсеге күчөйт. . Ошондуктан көпчүлүк химиялык реакциялар жогорку температурада жүрөт. Бул эрежени голландиялык физик-химик Вант-Гофф ачкан. Химиялык реакциянын ылдамдык константасынын температурага болгон көз карандылыгынын тагыраак теӊдемесин А. С. Аррениус сунуштаган.