КОЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КО́ЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ</b> Россиянын | <b type='title'>КО́ЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ</b> Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк -батышында. Мурма облусунда. Ба­сымдуу бөлүгү уюлдук тегеректин түндүк бөлүгүндө. Баренц ж-а Ак деңиздери м-н чулганат. Аянты 100 миң <i>км</i><sup>2</sup>дей. Түндүк жээги бийик, жардуу, түш­түгү түзөң, жантайыңкы; Терск жээги деп ата­лат. Батыш бөлүгүндө Хибин тоолору (жа­рым аралдын эң бийик жери – Юдычвумчор чокусу, бийиктиги 1200,6 <i>м</i>) ж-а Ловозеро тундра­сы (1116 <i>м</i>ге чейин), борбордук бөлүгүндө Кейвы жал­чалары жайгашкан. Кола жарым аралы тектоникалык жактан Балтика калканынын түндүк-чыгыш четин түзөт. Апатит рудасы (Хибин), глинозём сырьёсу (Кейвы), никель (Печенга, Мончетундра) ж. б. кен­дери бар. Климаты Атлантика жылуу агымы­нын таасиринен салыштырмалуу жылуу. Ян­вардын орточо температурасы түндүгүндө –8°С, борбордук бөлүгүндө –13°С, июлдуку 8–14°С. Босоголуу дарыялары (Поной, Вазуга, Умба, Нива, Туло­ма) ж-а көлдөрү (Имандра, Умбозеро, Ловозеро) көп. Түндүгүнө мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ж-а тайга (негизи­нен мырза карагай, карагай, кайың) мүнөздүү. Күл ж-а саз, түндүгүндө тундра топурактары басымдуу. Жарым аралдын аймагында Канда­лакша ж-а Лапландия коруктары жайгашкан. | ||
бөлүгүнүн | |||
чокусу, | |||
Балтика калканынын | |||
дарыялары (Поной, Вазуга, Умба, Нива, Туло­ма) ж-а көлдөрү (Имандра, Умбозеро, Ловозеро) көп. Түндүгүнө мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ж-а тайга (негизи­нен мырза карагай, карагай, кайың) мүнөздүү. Күл ж-а саз, түндүгүндө тундра топурактары басымдуу. Жарым аралдын аймагында Канда­лакша ж-а Лапландия коруктары жайгашкан. | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
03:24, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КО́ЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк -батышында. Мурма облусунда. Басымдуу бөлүгү уюлдук тегеректин түндүк бөлүгүндө. Баренц ж-а Ак деңиздери м-н чулганат. Аянты 100 миң км2дей. Түндүк жээги бийик, жардуу, түштүгү түзөң, жантайыңкы; Терск жээги деп аталат. Батыш бөлүгүндө Хибин тоолору (жарым аралдын эң бийик жери – Юдычвумчор чокусу, бийиктиги 1200,6 м) ж-а Ловозеро тундрасы (1116 мге чейин), борбордук бөлүгүндө Кейвы жалчалары жайгашкан. Кола жарым аралы тектоникалык жактан Балтика калканынын түндүк-чыгыш четин түзөт. Апатит рудасы (Хибин), глинозём сырьёсу (Кейвы), никель (Печенга, Мончетундра) ж. б. кендери бар. Климаты Атлантика жылуу агымынын таасиринен салыштырмалуу жылуу. Январдын орточо температурасы түндүгүндө –8°С, борбордук бөлүгүндө –13°С, июлдуку 8–14°С. Босоголуу дарыялары (Поной, Вазуга, Умба, Нива, Тулома) ж-а көлдөрү (Имандра, Умбозеро, Ловозеро) көп. Түндүгүнө мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ж-а тайга (негизинен мырза карагай, карагай, кайың) мүнөздүү. Күл ж-а саз, түндүгүндө тундра топурактары басымдуу. Жарым аралдын аймагында Кандалакша ж-а Лапландия коруктары жайгашкан.