КОКС ГАЗЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОКС ГАЗЫ</b> – көмүрдү <i>кокстоодо</i> бөлүнүп чы­гуучу күйүүчү газ. 1 т көмүрдөн 310–340 <i>м</i><sup>3 </sup>газ | <b type='title'>КОКС ГАЗЫ</b> – көмүрдү <i>кокстоодо</i> бөлүнүп чы­гуучу күйүүчү газ. 1 т көмүрдөн 310–340 <i>м</i><sup>3 </sup>газ алынат. Кокс газынын курамында суутек, метан, көмүр кычкыл газы ж-а газ түрүндөгү углеводо­роддор, аммиак, күкүрттүү суутек, суу буусу ж. б. болот. Кайра иштетүү м-н мындай газдан таш көмүр чайыры, чайырдуу суу ж-а чийки бензол бөлүнүп, алардан таза химиялык заттар алынат. Температу­расы 700°С болгон кокстоочу аппараттан чыгып жаткан газ муздатылганда чайырдын буусу, суунун буусу суюктукка, суюлтулган суунун буу­сунда аммиак эритмесине айланат. Сууда сиңи­рилбей калган аммиак күкүрт кислотасына сиңи­рилип, аммоний сульфатына айландырылат. Газдагы бензолдун ж-а анын гомологдорунун буусу соляр майына сиңирилүү м-н бөлүп алы­нат. Аммиакты өндүрүүдө суутектин булагы ка­тары ж-а өнөр жай мештерин ысытууда колдону­лат. Нефть продуктуларын (<i>керосин,</i> лигроин) кокстоодо чексиз углеводороддордон (<i>этилен, пропилен, бутадиен</i>) турган газдар пайда болот. Алар полимер материалдарын, органикалык заттарды алууда колдонулат. Мазутту кокстоодо <i>бензин</i> газ түрүндө бөлүп алынат. | ||
алынат. | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
08:36, 17 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОКС ГАЗЫ – көмүрдү кокстоодо бөлүнүп чыгуучу күйүүчү газ. 1 т көмүрдөн 310–340 м3 газ алынат. Кокс газынын курамында суутек, метан, көмүр кычкыл газы ж-а газ түрүндөгү углеводороддор, аммиак, күкүрттүү суутек, суу буусу ж. б. болот. Кайра иштетүү м-н мындай газдан таш көмүр чайыры, чайырдуу суу ж-а чийки бензол бөлүнүп, алардан таза химиялык заттар алынат. Температурасы 700°С болгон кокстоочу аппараттан чыгып жаткан газ муздатылганда чайырдын буусу, суунун буусу суюктукка, суюлтулган суунун буусунда аммиак эритмесине айланат. Сууда сиңирилбей калган аммиак күкүрт кислотасына сиңирилип, аммоний сульфатына айландырылат. Газдагы бензолдун ж-а анын гомологдорунун буусу соляр майына сиңирилүү м-н бөлүп алынат. Аммиакты өндүрүүдө суутектин булагы катары ж-а өнөр жай мештерин ысытууда колдонулат. Нефть продуктуларын (керосин, лигроин) кокстоодо чексиз углеводороддордон (этилен, пропилен, бутадиен) турган газдар пайда болот. Алар полимер материалдарын, органикалык заттарды алууда колдонулат. Мазутту кокстоодо бензин газ түрүндө бөлүп алынат.