КОБОРГОН-ТАШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОБОРГОН-ТАШ</b> – байыркы түрк дооруна тие­шелүү | <b type='title'>КОБОРГОН-ТАШ</b> – байыркы түрк дооруна тие­шелүү археологиялык эстелик. Ат-Башы өрөөнүнүн күн батыш тарабындагы Чет-Келтебек суусун бой­лой кеткен капчыгайда тикесинен тургузулган. Бул жерден чарчысынан келген таш коргончо­нун орду ж-а чопо идиш калдыктары табыл­ган. Түзүлүшү ж-а мааниси жагынан байыркы түрк (6–9-кылымдар) доорундагы маркумга арнап орнот­кон эстеликтерге жакын, бирок чопо идиш сы­ныктары Караханиддер дооруна мүнөздүү. Коборгон-таш эстелиги байыркы түрк доорунда курулуп, диний ырымдарды аткаруучу касиеттүү жай ка­тары пайдаланылган. 1989-жылы археолог К. Та­балдиев изилдеген. | ||
түрк (6–9- | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
07:32, 13 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОБОРГОН-ТАШ – байыркы түрк дооруна тиешелүү археологиялык эстелик. Ат-Башы өрөөнүнүн күн батыш тарабындагы Чет-Келтебек суусун бойлой кеткен капчыгайда тикесинен тургузулган. Бул жерден чарчысынан келген таш коргончонун орду ж-а чопо идиш калдыктары табылган. Түзүлүшү ж-а мааниси жагынан байыркы түрк (6–9-кылымдар) доорундагы маркумга арнап орноткон эстеликтерге жакын, бирок чопо идиш сыныктары Караханиддер дооруна мүнөздүү. Коборгон-таш эстелиги байыркы түрк доорунда курулуп, диний ырымдарды аткаруучу касиеттүү жай катары пайдаланылган. 1989-жылы археолог К. Табалдиев изилдеген.