КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ</b> – Жер ша­рынын же анын айрым бөлүктөрүнүн (океан, материк, өлкө ж. б.) алкактарга, зоналарга ж-а облустарга климаттык шарттары ( | <b type='title'>КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ</b> – Жер ша­рынын же анын айрым бөлүктөрүнүн (океан, материк, өлкө ж. б.) алкактарга, зоналарга ж-а облустарга климаттык шарттары (мисалы, атмосфералык циркуляциясы, температуралык режими, нымдуу­лук деңгээли) боюнча бөлүнүшү; климаттык райондоштуруу климатты классификациялоо м-н тыгыз байланышта бо­луп, климаттык чек араларды жүргүзүү крите­рийлери м-н айырмаланат. Жердин климаттык системасын алгач А. <i>Гумбольдт</i> (19-кылымдын башы) жазган. А. И. <i>Воейков</i> климаттын физикалык маңызын ачкан, климатты пайда кылуучу про­цесстердин ролун ж-а жаратылыштын башка компоненттери м-н болгон өз ара байланышын карап чыккан, Жердеги климаттын түрдүү тип­терин географиялык кеңдик боюнча бөлүнүшүнө байланыш­тырган. Россиялык немис географы, метеорологу ж-а климатологу В. П. Кеппен абанын орточо темпе­ратурасы м-н атмосфералык жаан-чачын суммасын бөлүштүрүү боюнча, ал эми Л. С. <i>Берг</i> климат аркылуу анык­талган географиялык ландшафт боюнча райондоштурса, орус климатологу Г. Т. Селянинов жер шары, тропик, субтропик, мелүүн, арктика ж-а антарк­тика алкактарынын вегетация шарттары боюнча температура режими м-н жаан-чачын өзгөчөлүктөрүн эске алып, агроклиматтык райондоштурууну жүргүзгөн. А. А. Каминский Россиянын европалык бөлүгү м-н Орто Азиянын климаттык райондоштуруусун жүзөгө ашыр­ган. Б. П. Алисов атмосферанын жалпы циркуляция­сынын өзгөчөлүктөрү боюнча климаттык райондоштуруусун түзгөн. Климаттык райондоштуруу климатты пайда кылуучу процесстерге негизде­лип, географиялык факторлорго, айрыкча Жерге келип түшүүчү күн нурунун таралуусунда зоналуулук м-н сезондуулукту аныктоочу географиялык кеңдиктер­ге, абанын температурасына, атмосфералык басымга ж. б. бай­ланыштуу. Бирок, климаттык алкактар м-н зоналардын чектери кеңдик зоналуулукка гана туура келбестен, жер шарын дайыма эле текши курчабайт (мындай учурда зоналар облустарга бөлүнүп, бири-бири м-н туташпайт). Климаттык райондоштурууга Түндүк ж-а Түштүк жарым шарларда кургактык м-н де­ңиздин бөлүнүшү зор таасир берет. Түндүк жарым шарга кургактыктын негизги массиви жайгаш­кандыктан, анын климаттык шарттары Түш­түгүнө караганда континенттүүрөөк. Түндүк жарым шарда абанын орточо температурасы январда 8°С, июл­да 22°С болсо, түштүгүндө 17° ж-а 10°С. Жердин өтө жылуу параллели – термиялык экватор, анын температурасы 27°С, январда гана географиялык эква­тор м-н дал келет. Июлда 20° түндүк кеңдикке че­йин жылат, жылдык орточо абалы – 10° түндүк кең­дик ченде. Термиялык экватордон уюлдарды карай температура орто эсеп м-н 0,5–0,6°Сге чейин (тропиктерде өтө жай, башкаларында тез) төмөндөйт. Ошондуктан океандарга караганда материктердин ички аймактарында (айрыкча мелүүн алкакта) абанын температурасы жайында жогору, кышында төмөн болот. Климаттык райондоштурууда жылуу­лук м-н ным алмашуу ж-а атмосфералык циркуляциясы эске алынат, ал эми климаттын тиби географиялык факторлор (географиялык кеңдик, кургактык м-н деңиз­дин бөлүштүрүлүшү, топурак тиби, өсүмдүк ж-а кар катмары, океан агымдары, деңиз муздукта­ры ж. б.) м-н аныкталат. Ошондой эле к. <i type='ref'>Жер, Кли­мат, Климатология, Климаттык алкактар.</i> | ||
жүргүзгөн. А. А. Каминский Россиянын | |||
өтө жылуу параллели – термиялык экватор, | |||
анын | |||
(тропиктерде өтө жай, башкаларында тез) төмөндөйт. Ошондуктан океандарга караганда материктердин ички аймактарында (айрыкча мелүүн алкакта) абанын | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
07:49, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ – Жер шарынын же анын айрым бөлүктөрүнүн (океан, материк, өлкө ж. б.) алкактарга, зоналарга ж-а облустарга климаттык шарттары (мисалы, атмосфералык циркуляциясы, температуралык режими, нымдуулук деңгээли) боюнча бөлүнүшү; климаттык райондоштуруу климатты классификациялоо м-н тыгыз байланышта болуп, климаттык чек араларды жүргүзүү критерийлери м-н айырмаланат. Жердин климаттык системасын алгач А. Гумбольдт (19-кылымдын башы) жазган. А. И. Воейков климаттын физикалык маңызын ачкан, климатты пайда кылуучу процесстердин ролун ж-а жаратылыштын башка компоненттери м-н болгон өз ара байланышын карап чыккан, Жердеги климаттын түрдүү типтерин географиялык кеңдик боюнча бөлүнүшүнө байланыштырган. Россиялык немис географы, метеорологу ж-а климатологу В. П. Кеппен абанын орточо температурасы м-н атмосфералык жаан-чачын суммасын бөлүштүрүү боюнча, ал эми Л. С. Берг климат аркылуу аныкталган географиялык ландшафт боюнча райондоштурса, орус климатологу Г. Т. Селянинов жер шары, тропик, субтропик, мелүүн, арктика ж-а антарктика алкактарынын вегетация шарттары боюнча температура режими м-н жаан-чачын өзгөчөлүктөрүн эске алып, агроклиматтык райондоштурууну жүргүзгөн. А. А. Каминский Россиянын европалык бөлүгү м-н Орто Азиянын климаттык райондоштуруусун жүзөгө ашырган. Б. П. Алисов атмосферанын жалпы циркуляциясынын өзгөчөлүктөрү боюнча климаттык райондоштуруусун түзгөн. Климаттык райондоштуруу климатты пайда кылуучу процесстерге негизделип, географиялык факторлорго, айрыкча Жерге келип түшүүчү күн нурунун таралуусунда зоналуулук м-н сезондуулукту аныктоочу географиялык кеңдиктерге, абанын температурасына, атмосфералык басымга ж. б. байланыштуу. Бирок, климаттык алкактар м-н зоналардын чектери кеңдик зоналуулукка гана туура келбестен, жер шарын дайыма эле текши курчабайт (мындай учурда зоналар облустарга бөлүнүп, бири-бири м-н туташпайт). Климаттык райондоштурууга Түндүк ж-а Түштүк жарым шарларда кургактык м-н деңиздин бөлүнүшү зор таасир берет. Түндүк жарым шарга кургактыктын негизги массиви жайгашкандыктан, анын климаттык шарттары Түштүгүнө караганда континенттүүрөөк. Түндүк жарым шарда абанын орточо температурасы январда 8°С, июлда 22°С болсо, түштүгүндө 17° ж-а 10°С. Жердин өтө жылуу параллели – термиялык экватор, анын температурасы 27°С, январда гана географиялык экватор м-н дал келет. Июлда 20° түндүк кеңдикке чейин жылат, жылдык орточо абалы – 10° түндүк кеңдик ченде. Термиялык экватордон уюлдарды карай температура орто эсеп м-н 0,5–0,6°Сге чейин (тропиктерде өтө жай, башкаларында тез) төмөндөйт. Ошондуктан океандарга караганда материктердин ички аймактарында (айрыкча мелүүн алкакта) абанын температурасы жайында жогору, кышында төмөн болот. Климаттык райондоштурууда жылуулук м-н ным алмашуу ж-а атмосфералык циркуляциясы эске алынат, ал эми климаттын тиби географиялык факторлор (географиялык кеңдик, кургактык м-н деңиздин бөлүштүрүлүшү, топурак тиби, өсүмдүк ж-а кар катмары, океан агымдары, деңиз муздуктары ж. б.) м-н аныкталат. Ошондой эле к. Жер, Климат, Климатология, Климаттык алкактар.