КЛИМАТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛИ́МАТ</b> (гр. klima – жантаюу; klimatos – күн | <b type='title'>КЛИ́МАТ</b> (гр. klima – жантаюу; klimatos – күн | ||
нурунун жер бетине жантайып тийүүсү) – жер | нурунун жер бетине жантайып тийүүсү) – жер | ||
бетинин белгилүү бир бөлүгүндөгү аба ырайы­нын көп жылдык калыптанган режими. Ба­йыркы гректер Жер шарынын | бетинин белгилүү бир бөлүгүндөгү аба ырайы­нын көп жылдык калыптанган режими. Ба­йыркы гректер Жер шарынын климаты негизинен күн нурунун жер бетине кыйгач тийишине бай­ланыштуу экенин билишкен; мисалы, ысык алкак­тарда күн нуру жер бетине тик, мелүүн алкак­тарда бир кыйла кыйгач түшөт, ал эми Түндүк ж-а Түштүк уюлдарда Күн бир нече ай көрүнбөй да калат (к. <i>Уюлдук түн</i>). Ошого байланыштуу «климат» түшүнүгү пайда болгон. <i>Климатты пайда кылуучу процесстерге</i> жылуулук м-н ным­дуулуктун алмашуусу, атмосфералык циркуляция ж. б. кирет. Климаттын негизги мүнөздөмөсү белгилүү бир жердин аба ырайына (атмосфералык басым, шамалдын ылдамдыгы м-н багыты, абанын температурасы ж-а нымдуулугу, булуттуулук, атмосфералык жаан-чачын ж. б.) көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн неги­зинде аныкталат. Климаттын ар кандай болушуна географиялык факторлор (кеңдик, кургактык м-н деңиз­дердин жайгашуусу, океан агымы, бийиктик ал­кактуулук, жер бетинин рельефи) таасирин тий­гизет. Жер климаты геологиялык доорлордо дайыма өзгөрүп келген. Азыркы учурда жер бетинин климаты географиялык кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 субэкватор­дук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 мелүүн, субарктикалык, субантарктикалык, арктика­лык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы боюнча макроклимат, ме­зоклимат, микроклимат; аба ырайынын мүнө­зүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук ж. б. климаттарга ажыраты­лат. Климат табияттын бир компоненти болуу м-н, ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк ж-а жа­ныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолу­гуна, турмуш-тиричилигине ж-а чарбасына та­асирин тийгизет. Кырг-ндын аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун ал­ган; жалпысынан континенттик климат үстөм­дүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан, ага климаттын бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү (к. <i>Бийиктик алкактуулук</i>). | ||
«климат» түшүнүгү пайда болгон. <i>Климатты пайда кылуучу процесстерге</i> жылуулук м-н ным­дуулуктун алмашуусу, | |||
Ад.: Климат Киргизской ССР / Под ред. <i>З. А. Ря­занцева</i>. Фр., 1965; <i>Голицын Г. С.</i> Введение в дина­мику планетных атмосфер. Л., 1973; <i>Монин А. С., Шишков Ю. А.</i> История климата. Л., 1979; <i>Буды­ко М. И., Ронов А. Б., Яншин А. Л.</i> История атмосферы. Л., 1985; <i>Будыко М. И., Голицын Г. С., Израэль Ю. А.</i> Глобальные климатические катастрофы. М., 1986; Ан­тропогенные изменения климата./ Под ред. М. И. Бу­дыко, Ю. А. Израэля. Л., 1987. | Ад.: Климат Киргизской ССР / Под ред. <i>З. А. Ря­занцева</i>. Фр., 1965; <i>Голицын Г. С.</i> Введение в дина­мику планетных атмосфер. Л., 1973; <i>Монин А. С., Шишков Ю. А.</i> История климата. Л., 1979; <i>Буды­ко М. И., Ронов А. Б., Яншин А. Л.</i> История атмосферы. Л., 1985; <i>Будыко М. И., Голицын Г. С., Израэль Ю. А.</i> Глобальные климатические катастрофы. М., 1986; Ан­тропогенные изменения климата./ Под ред. М. И. Бу­дыко, Ю. А. Израэля. Л., 1987. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
05:40, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КЛИ́МАТ (гр. klima – жантаюу; klimatos – күн нурунун жер бетине жантайып тийүүсү) – жер бетинин белгилүү бир бөлүгүндөгү аба ырайынын көп жылдык калыптанган режими. Байыркы гректер Жер шарынын климаты негизинен күн нурунун жер бетине кыйгач тийишине байланыштуу экенин билишкен; мисалы, ысык алкактарда күн нуру жер бетине тик, мелүүн алкактарда бир кыйла кыйгач түшөт, ал эми Түндүк ж-а Түштүк уюлдарда Күн бир нече ай көрүнбөй да калат (к. Уюлдук түн). Ошого байланыштуу «климат» түшүнүгү пайда болгон. Климатты пайда кылуучу процесстерге жылуулук м-н нымдуулуктун алмашуусу, атмосфералык циркуляция ж. б. кирет. Климаттын негизги мүнөздөмөсү белгилүү бир жердин аба ырайына (атмосфералык басым, шамалдын ылдамдыгы м-н багыты, абанын температурасы ж-а нымдуулугу, булуттуулук, атмосфералык жаан-чачын ж. б.) көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат. Климаттын ар кандай болушуна географиялык факторлор (кеңдик, кургактык м-н деңиздердин жайгашуусу, океан агымы, бийиктик алкактуулук, жер бетинин рельефи) таасирин тийгизет. Жер климаты геологиялык доорлордо дайыма өзгөрүп келген. Азыркы учурда жер бетинин климаты географиялык кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 субэкватордук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 мелүүн, субарктикалык, субантарктикалык, арктикалык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы боюнча макроклимат, мезоклимат, микроклимат; аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук ж. б. климаттарга ажыратылат. Климат табияттын бир компоненти болуу м-н, ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк ж-а жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш-тиричилигине ж-а чарбасына таасирин тийгизет. Кырг-ндын аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан континенттик климат үстөмдүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан, ага климаттын бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү (к. Бийиктик алкактуулук).
Ад.: Климат Киргизской ССР / Под ред. З. А. Рязанцева. Фр., 1965; Голицын Г. С. Введение в динамику планетных атмосфер. Л., 1973; Монин А. С., Шишков Ю. А. История климата. Л., 1979; Будыко М. И., Ронов А. Б., Яншин А. Л. История атмосферы. Л., 1985; Будыко М. И., Голицын Г. С., Израэль Ю. А. Глобальные климатические катастрофы. М., 1986; Антропогенные изменения климата./ Под ред. М. И. Будыко, Ю. А. Израэля. Л., 1987.