КИСЛОТА-НЕГИЗДИК ТИТРЛӨӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИСЛОТА́-НЕГИЗДИК ТИТРЛӨӨ</b> – сууда эрүүчү | <b type='title'>КИСЛОТА́-НЕГИЗДИК ТИТРЛӨӨ</b> – сууда эрүүчү кислоталарды ж-а негиздерди күчтүү кислотанын, күчтүү негиздин стандарттык эритмеси м-н титрлеп аныктоо ыкмасы. Титриметрияда колдонулуу­чу реактивдин белгилүү концентрациясындагы эрит­меси титрленген эритме, жумушчу эритме, стан­дарттык эритме же титрант деп аталат. Тит­рант катары негизинен күчтүү кислоталардын ж-а щелочтордун (КОН, NаОН) эритмелери колдо­нулат. Титрлөө учурунда аныкталуучу заттын эритмеси м-н титранттын өз ара толук реакцияга кирген учуру эквиваленттик чекит деп аталат. Эквиваленттик чекит кислота-негиздик инди­каторлордун бир аз эритмесин аныкталуучу зат­тын эритмесине кошуп титрлөө аркылуу анык­талат. Титрлөө аяктаганда индикатордун алгач­кы түсү өзгөрүлөт. Бул учур титрлөөнүн акыр­кы чекити деп аталат. Титрлөөнүн акыркы чекити м-н эквиваленттик чекиттин дал же жа­кын келиши титриметриялык анализде эң чоң мааниге ээ. Себеби, аныкталуучу заттын саны титранттын эквиваленттик чекитке чейинки сарпталган көлөмү аркылуу табылат. Ошондук­тан титрлөөнүн акыркы чекити м-н эквивалент­тик чекиттин айырмасын азайтуу максатында тиешелүү индикаторлорду ж-а шарттарды тан­доо титриметриялык анализдин эң негизги та­лаптарынан болуп саналат. Эквиваленттик че­китти физикалык-химиялык методдорду (потенциометрия, кондуктометрия, фотометрия ж. б.) колдонуу м-н да аныктайт. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
03:51, 9 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КИСЛОТА́-НЕГИЗДИК ТИТРЛӨӨ – сууда эрүүчү кислоталарды ж-а негиздерди күчтүү кислотанын, күчтүү негиздин стандарттык эритмеси м-н титрлеп аныктоо ыкмасы. Титриметрияда колдонулуучу реактивдин белгилүү концентрациясындагы эритмеси титрленген эритме, жумушчу эритме, стандарттык эритме же титрант деп аталат. Титрант катары негизинен күчтүү кислоталардын ж-а щелочтордун (КОН, NаОН) эритмелери колдонулат. Титрлөө учурунда аныкталуучу заттын эритмеси м-н титранттын өз ара толук реакцияга кирген учуру эквиваленттик чекит деп аталат. Эквиваленттик чекит кислота-негиздик индикаторлордун бир аз эритмесин аныкталуучу заттын эритмесине кошуп титрлөө аркылуу аныкталат. Титрлөө аяктаганда индикатордун алгачкы түсү өзгөрүлөт. Бул учур титрлөөнүн акыркы чекити деп аталат. Титрлөөнүн акыркы чекити м-н эквиваленттик чекиттин дал же жакын келиши титриметриялык анализде эң чоң мааниге ээ. Себеби, аныкталуучу заттын саны титранттын эквиваленттик чекитке чейинки сарпталган көлөмү аркылуу табылат. Ошондуктан титрлөөнүн акыркы чекити м-н эквиваленттик чекиттин айырмасын азайтуу максатында тиешелүү индикаторлорду ж-а шарттарды тандоо титриметриялык анализдин эң негизги талаптарынан болуп саналат. Эквиваленттик чекитти физикалык-химиялык методдорду (потенциометрия, кондуктометрия, фотометрия ж. б.) колдонуу м-н да аныктайт.