КИСЛОТА-НЕГИЗДИК ТИТРЛӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИСЛОТА́-НЕГИЗДИК ТИТРЛӨӨ – сууда эрүүчү к-таларды ж-а негиздерди күчтүү к-танын, күчтүү негиздин стандарттык эритмеси м-н титрлеп аныктоо ыкмасы. Титриметрияда колдонулуу­чу реактивдин белгилүү концент-сындагы эрит­меси титрленген эритме, жумушчу эритме, стан­дарттык эритме же титрант деп аталат. Тит­рант катары негизинен күчтүү к-талардын ж-а щелочтордун (КОН, NаОН) эритмелери колдо­нулат. Титрлөө учурунда аныкталуучу заттын эритмеси м-н титранттын өз ара толук реакцияга кирген учуру эквиваленттик чекит деп аталат. Эквиваленттик чекит кислота-негиздик инди­каторлордун бир аз эритмесин аныкталуучу зат­тын эритмесине кошуп титрлөө аркылуу анык­талат. Титрлөө аяктаганда индикатордун алгач­кы түсү өзгөрүлөт. Бул учур титрлөөнүн акыр­кы чекити деп аталат. Титрлөөнүн акыркы че-


кити м-н эквиваленттик чекиттин дал же жа­кын келиши титриметриялык анализде эң чоң мааниге ээ. Себеби, аныкталуучу заттын саны титранттын эквиваленттик чекитке чейинки сарпталган көлөмү аркылуу табылат. Ошондук­тан титрлөөнүн акыркы чекити м-н эквивалент­тик чекиттин айырмасын азайтуу максатында тиешелүү индикаторлорду ж-а шарттарды тан­доо титриметриялык анализдин эң негизги та­лаптарынан болуп саналат. Эквиваленттик че­китти физ.-хим. методдорду (потенциометрия, кондуктометрия, фотометрия ж. б.) колдонуу м-н да аныктайт.