АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Кыргыз Pecпубликасынын аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын туура ж-а так аткарылышын көзөмөлдөөчү мамл. атайын юридикалык орган. КРдин А. п. республиканын аймагында жайгашкан аскер башкармалыгынын органдары, аскер бөлүктөрү, бирикмелери, аскердик окуу жайлары, мекемелери ж. б. аскер түзүлүштөрү тарабынан мыйзам актыларынын так ж-а бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. А. п. кылмыш ишин иликтөөнү ишке ашырат ж-а ишти соттук териштирүүгө катышат. А. п-нын ишмердүүлүгүнө КРдин Аскер прокурору аркылуу КРдин Башкы прокурору жетекчилик кылат.