КУНУ-КУТУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КУНУ-КУТУ</b> – о. кылымда бутпарас динин туткан уруулардын сыйынуу жайы. Негизинен араб, фарсы жазма даректеринде «хото» («үй») жана «хуту» («мүйүз») түрүндө кездешет. Бирок анын пайда болушу, мааниси, коомдогу ролу тууралуу кеңири изилдөөлөр жүрө элек. <i>Балыкооздун</i> санжырасында К.-К-га огуз (кыргыз, <i>коңурат, жедигер, казак</i> ж. б.) уруулары сыйынган жана ал Ордо (Отор) ш-нын (к. <i>Кузордо</i>) борб. бөлүгүндөгү бир нече бөлмөдөн салынган атайын имаратта («ажайыпкана») сакталган. Эң түпкү бөлмөгө куту орнотуп, ошого жаткырып коюшкан жана абдан бекем кайтарууга алынган.
<b type='title'>КУНУ-КУТУ</b> – орто кылымда бутпарас динин туткан уруулардын сыйынуу жайы; Балыкооздун санжырасында адамдар сыйынган бут (жасалма кудай) түрүндөгү нерсе. Ант берүү учурунда же кандайдыр бир чоң окуя (хан көтөрүү, жүрүшкө чыгуу ж.б.) болор алдында ага сыйынышкан. Негизинен араб, перс (фарсы) жазма даректеринде «хото» («үй») жана «хуту» («мүйүз») түрүндө кездешет. Бирок анын пайда болушу, мааниси, коомдогу ролу тууралуу кеңири изилдөөлөр жүрө элек. Куну Куту тууралуу маалыматтар орто кылымдагы жазма булактарда кыргыздар же Баласагун шаарына да байланыштуу «хутунун (khutu) мүйүзү» (арабча «шахи-и аждаза») түрүндө кездешет. «Худуд ал аламда» кыргыздардын башчысы «каган» (khirkhiz-khaqan) деп аталып, алардын өлкөсүнөн мускус, аң терилер, жыгачтар (khadang, khalanj), ошондой эле сабы кутудан (dastayi-kar-i khutu, kard-i khutu) жасалган баалуу бычактар келери айтылат. Айрым авторлор баалуу буюм катары эсептелген морж жана нарвалдын азуу тиштери деп божомолдошсо, окумуштуу-тилчилер (мис., Б. Лауфер) бул сөздү («ку-ту») байыркы кытай тилине байланыштырышкан. Бирок бул буюмду кандай учурда же эмне максат менен пайдаланышканын так түшүндүрө алышкан эмес. Куту (хуту) деген түшүнүктүн маанисине Бируни да көңүл буруп: «Хуту» жаныбарлардан алынган зат экенин, аны өзгөчө кытайлыктар жана чыгыш түрктөрү баалашаарын, анткени «тооско ууланган тамак берсе ал титиреп, кыйкыра баштаган сыяктуу куту да тердеп чыгарын» эскерткен. Мындан тышкары ал Куту кыргыздардын жеринде кезиккен буканын маңдай сөөгү экенин кошумчалаган. Тарыхый (айрыкча европалык) документтерде орус падышасы Иван Грозныйдын единорогдун (тумшугунда мүйүз сыяктуу бир тиши бар деңиз айбаны) мүйүзүнөн жасалган таягы жөнүндө айтылат. Ал таяктын дарылык касиети болуп, анын менен бирге ээсин «суук көздөн» (көз тийүү) сактаган. В. В. Бартольд Н. Бекрандын (13-кылым) эмгегине («Жахан Наме») таянып, Иле дарыясынын батышы, Таласка бара жаткан жолдо, Чүй суусунун жээги, балким Баласагын шаарынан анча алыс эмес жердеги «Хосун-орду» (сөзмө-сөз «күчтүү ордо») же «Хото» («Үй») деп аталган кара-кытайлардын гурханы турган ордого байланыштырган.
 
<i>Балыкооздун</i> санжырасында К.-К-га огуз (кыргыз, <i>коңурат, жедигер, казак</i> ж. б.) уруулары сыйынган жана ал Ордо (Отор) ш-нын (к. <i>Кузордо</i>) борб. бөлүгүндөгү бир нече бөлмөдөн салынган атайын имаратта («ажайыпкана») сакталган. Эң түпкү бөлмөгө куту орнотуп, ошого жаткырып коюшкан жана абдан бекем кайтарууга алынган.
<i>«Худуд ал-Ааламда»</i> башка өлкөлөрдөн алынып келген белгисиз жаныбардын («ажыдаар» – ар.
<i>«Худуд ал-Ааламда»</i> башка өлкөлөрдөн алынып келген белгисиз жаныбардын («ажыдаар» – ар.
«шахи-и аждаза») мүйүзү катары көрсөтүлөт. В. В. <i>Бартольд</i> аны түн. жактан алып келинген морждун азуу тиши деп болжолдойт.
«шахи-и аждаза») мүйүзү катары көрсөтүлөт. В. В. <i>Бартольд</i> аны түн. жактан алып келинген морждун азуу тиши деп болжолдойт.
8 сап: 10 сап:
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p>
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]

11:18, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -деги абалы

КУНУ-КУТУ – орто кылымда бутпарас динин туткан уруулардын сыйынуу жайы; Балыкооздун санжырасында адамдар сыйынган бут (жасалма кудай) түрүндөгү нерсе. Ант берүү учурунда же кандайдыр бир чоң окуя (хан көтөрүү, жүрүшкө чыгуу ж.б.) болор алдында ага сыйынышкан. Негизинен араб, перс (фарсы) жазма даректеринде «хото» («үй») жана «хуту» («мүйүз») түрүндө кездешет. Бирок анын пайда болушу, мааниси, коомдогу ролу тууралуу кеңири изилдөөлөр жүрө элек. Куну Куту тууралуу маалыматтар орто кылымдагы жазма булактарда кыргыздар же Баласагун шаарына да байланыштуу «хутунун (khutu) мүйүзү» (арабча «шахи-и аждаза») түрүндө кездешет. «Худуд ал аламда» кыргыздардын башчысы «каган» (khirkhiz-khaqan) деп аталып, алардын өлкөсүнөн мускус, аң терилер, жыгачтар (khadang, khalanj), ошондой эле сабы кутудан (dastayi-kar-i khutu, kard-i khutu) жасалган баалуу бычактар келери айтылат. Айрым авторлор баалуу буюм катары эсептелген морж жана нарвалдын азуу тиштери деп божомолдошсо, окумуштуу-тилчилер (мис., Б. Лауфер) бул сөздү («ку-ту») байыркы кытай тилине байланыштырышкан. Бирок бул буюмду кандай учурда же эмне максат менен пайдаланышканын так түшүндүрө алышкан эмес. Куту (хуту) деген түшүнүктүн маанисине Бируни да көңүл буруп: «Хуту» жаныбарлардан алынган зат экенин, аны өзгөчө кытайлыктар жана чыгыш түрктөрү баалашаарын, анткени «тооско ууланган тамак берсе ал титиреп, кыйкыра баштаган сыяктуу куту да тердеп чыгарын» эскерткен. Мындан тышкары ал Куту кыргыздардын жеринде кезиккен буканын маңдай сөөгү экенин кошумчалаган. Тарыхый (айрыкча европалык) документтерде орус падышасы Иван Грозныйдын единорогдун (тумшугунда мүйүз сыяктуу бир тиши бар деңиз айбаны) мүйүзүнөн жасалган таягы жөнүндө айтылат. Ал таяктын дарылык касиети болуп, анын менен бирге ээсин «суук көздөн» (көз тийүү) сактаган. В. В. Бартольд Н. Бекрандын (13-кылым) эмгегине («Жахан Наме») таянып, Иле дарыясынын батышы, Таласка бара жаткан жолдо, Чүй суусунун жээги, балким Баласагын шаарынан анча алыс эмес жердеги «Хосун-орду» (сөзмө-сөз «күчтүү ордо») же «Хото» («Үй») деп аталган кара-кытайлардын гурханы турган ордого байланыштырган.

Балыкооздун санжырасында К.-К-га огуз (кыргыз, коңурат, жедигер, казак ж. б.) уруулары сыйынган жана ал Ордо (Отор) ш-нын (к. Кузордо) борб. бөлүгүндөгү бир нече бөлмөдөн салынган атайын имаратта («ажайыпкана») сакталган. Эң түпкү бөлмөгө куту орнотуп, ошого жаткырып коюшкан жана абдан бекем кайтарууга алынган. «Худуд ал-Ааламда» башка өлкөлөрдөн алынып келген белгисиз жаныбардын («ажыдаар» – ар. «шахи-и аждаза») мүйүзү катары көрсөтүлөт. В. В. Бартольд аны түн. жактан алып келинген морждун азуу тиши деп болжолдойт.


Ад.: Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002. Т. 1.

Э. Турганбаев.