КУДАЙБЕРДИЕВ Абибилла: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Турганбаев Элебай moved page КУДАЙБЕРДИЕВ 1 to КУДАЙБЕРДИЕВ Абибилла)
(Айырма жок)

00:52, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -деги абалы

КУДАЙБЕРДИЕВ Абибилла Алымович (01. 06. 1962, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ноокат району, Кеңеш айы­лы) – генерал-майор (2007).

Алматы жогорку жалпы ас­кердик командалык окуу жайын (1983), РФ жалпы аскердик академиясын (2003) бүткөн. 1983–94-жылдары Мотоаткычтар полкунда взвод, рота командири, ба­тальондун командиринин орун басары, 1994–98-ж. КРдин Коргоо министрли­гинде бөлүмдүн улук офицери, бөлүмдүн на­чальнигинин орун басары-бөлүмдүн начальни­ги, башкармалыктын начальнигинин орун ба­сары-бөлүмдүн начальниги, 1998–2005-ж. ас­кердик бөлүктө штабдын начальниги, коман­дирдин орун басары, 1-орун басары, 2005–06-ж. КРдин Коргоо министрлигинде офицерлердин жана прапорщиктердин квалификациясын жого­рулатуу борборунда начальник, 2006–08-ж. ас­кер бөлүгүндө командир, 2008–09-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайынын начальниги, 2009–10-ж. КРдин Коргоо министринин 1-орун басары-КРдин Ку­ралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын началь­ниги, 2010–11-ж. КРдин Коргоо министри бо­луп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени жана «Эрдик» медалы менен сыйланган.