КӨЗ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨЗ – </b>адамдын, бардык омурткалуу, кээ бир | <b type='title'>КӨЗ – </b>адамдын, бардык омурткалуу, кээ бир омурткасыз жаныбарлардын көрүү органы. Омурткалуулардын жуп көзү баш сөөгүндөгү көз чарасында жайгашкан. Көз көрүү нерви аркылуу мээ м-н байланышкан көз алмасынан ж-а ко­шумча бөлүктөрдөн турат. Көз алмасы шар сы­мал, алдыңкы бөлүгүндө жарык сындыруучу аппарат (тунук кабык, чечекей, айнек сымал чел ж. б.) жайгашкан. <i>Жерде-сууда жашоочу­лардын</i> көзүнүн тунук кабыгы өтө томпогой. <i>Сой­лоочулар</i> м-н куштарда көрүү нерви чыга тур­ган жеринде кан тамырга бай таракчасы болот. Куштун көрүү аппараты башка жаныбарга са­лыштырганда күчтүү өрчүгөн. Сүт эмүүчүлөрдүн көзү формасы боюнча жерде сууда жашоочуларды­кына окшош. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдүн (мисалы, кит) көзү тереңде жашоочу балыктарды­кына жакын. Жер астында жашоочу сүт эмүүчүлөрдө (сокур чычкан ж. б.) көз редукция­ла ган. Адамдын К. алмасы К. чарасында жай­гашып, 3 катмардан турат. Тышкы катмардын алдыңкы тунук бөлүгү томпок линзага окшоп, тунук чел (роговица) деп аталат. К. алмасынын сырткы катмарынын калган бөлүгү ак түстүү катуу челден туруп, ак чел (склера) деп аталат. Бул катмар таяныч ж-а коргоо кызматын ат­карып, К. формасын сактайт. Тунук чел жарык­ты жакшы сындыруучу оптикалык касиетке ээ. Анын артында тунук суюктукка толгон алдың­кы камерасы бар. Андан кийин түстүү кабык (жаа сымал кабык) анын ортосунда (борборун­да) карек жайгашкан. Түстүү кабыкта пигмент болуп, анын санына ж-а кабыктын калыңды­гына жараша К-дүн түсү ар түрдүү (кара, көк, кой көз) болот. Бул кабыкта К-дүн карегин чо­ңойтуп, кичирейтип туруучу булчуңу бар. Жаа | ||
омурткасыз жаныбарлардын көрүү органы. Омурткалуулардын жуп көзү баш сөөгүндөгү көз | |||
чарасында жайгашкан. | |||
мээ м-н байланышкан көз алмасынан ж-а ко­шумча бөлүктөрдөн турат. Көз алмасы шар сы­мал, алдыңкы бөлүгүндө жарык сындыруучу аппарат (тунук кабык, чечекей, айнек сымал | |||
чел ж. б.) жайгашкан. <i>Жерде-сууда жашоочу­лардын</i> | |||
<br type=PH info="КӨЗ ИРМЕМДЕ ЖАРДЫРУУ 511"> | <br type=PH info="КӨЗ ИРМЕМДЕ ЖАРДЫРУУ 511"> | ||
| 21 сап: | 17 сап: | ||
<i>көрүү органдары</i> – фасеттүү К-дөр, К-чөлөр ат­карат, к. <i type='ref'>Көрүү органдары.</i> | <i>көрүү органдары</i> – фасеттүү К-дөр, К-чөлөр ат­карат, к. <i type='ref'>Көрүү органдары.</i> | ||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
10:17, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨЗ – адамдын, бардык омурткалуу, кээ бир омурткасыз жаныбарлардын көрүү органы. Омурткалуулардын жуп көзү баш сөөгүндөгү көз чарасында жайгашкан. Көз көрүү нерви аркылуу мээ м-н байланышкан көз алмасынан ж-а кошумча бөлүктөрдөн турат. Көз алмасы шар сымал, алдыңкы бөлүгүндө жарык сындыруучу аппарат (тунук кабык, чечекей, айнек сымал чел ж. б.) жайгашкан. Жерде-сууда жашоочулардын көзүнүн тунук кабыгы өтө томпогой. Сойлоочулар м-н куштарда көрүү нерви чыга турган жеринде кан тамырга бай таракчасы болот. Куштун көрүү аппараты башка жаныбарга салыштырганда күчтүү өрчүгөн. Сүт эмүүчүлөрдүн көзү формасы боюнча жерде сууда жашоочулардыкына окшош. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдүн (мисалы, кит) көзү тереңде жашоочу балыктардыкына жакын. Жер астында жашоочу сүт эмүүчүлөрдө (сокур чычкан ж. б.) көз редукцияла ган. Адамдын К. алмасы К. чарасында жайгашып, 3 катмардан турат. Тышкы катмардын алдыңкы тунук бөлүгү томпок линзага окшоп, тунук чел (роговица) деп аталат. К. алмасынын сырткы катмарынын калган бөлүгү ак түстүү катуу челден туруп, ак чел (склера) деп аталат. Бул катмар таяныч ж-а коргоо кызматын аткарып, К. формасын сактайт. Тунук чел жарыкты жакшы сындыруучу оптикалык касиетке ээ. Анын артында тунук суюктукка толгон алдыңкы камерасы бар. Андан кийин түстүү кабык (жаа сымал кабык) анын ортосунда (борборунда) карек жайгашкан. Түстүү кабыкта пигмент болуп, анын санына ж-а кабыктын калыңдыгына жараша К-дүн түсү ар түрдүү (кара, көк, кой көз) болот. Бул кабыкта К-дүн карегин чоңойтуп, кичирейтип туруучу булчуңу бар. Жаа

Көздүн түзүлүш схемасы (т уурасынан кесилген): 1–көздүн тунук кабыгы; 2 – көздүн алдынкы камерасы; 3 – чечекей; 4 – көздүн жаа сымал кабыгы; 5 – коньюнктива; 6 – цилиар денеси; 7 – көздүн ак кабыгы; 8, 16 – көз булчуңдары; 9 – кан тамырлуу кабык; 10 – торчо кабык; 11 – айнек сымал дене; 12 – көздүн торчо кабыгынын сары тагы; 13 – артериялар; 14 – көрүү нерви; 15 – көрүү нервинин кабыгы. сымал кабыгы К-дүн ички суюктугун иштеп чыгаруучу кирпиктүү денеге өтөт. Кирпиктүү денеден кан тамырлуу катмар башталат. Булар, жаа сымал кабык, кирпиктүү дене ж-а кан тамырлуу кабык, К. алмасынын ортонку катмарын түзөт. К алмасынын ички катмары – торчо катмар. Анын тереңинде жарык сезүүчү таякчалар ж-а колбочкалар жайгашкан. К-гө түшкөн жарык көрүү нерви аркылуу мээге берилет. К. алмасынын борб. бөлүгүндө чечекей орун алган. Андан кийин айнек сымал килкилдек зат ж-а көздүн алдынкы, арткы камераларындагы суюктук бар. Чечекей эки жагы томпок линзага окшош тунук, каректин астында жайгашкан. Кирпиктүү дененин кирпикчелеринин жардамы м-н булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжасында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө К-дү ылайыктап турат. Көпчүлүк омурткасызда (мис., муунак буттууларда) К-дүн кызматын татаал көрүү органдары – фасеттүү К-дөр, К-чөлөр аткарат, к. Көрүү органдары.