КӨЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ – адамдын, бардык омурткалуу, кээ бир омурткасыз жаныбарлардын көрүү органы. Омурткалуулардын жуп көзү баш сөөгүндөгү көз чарасында жайгашкан. Көз көрүү нерви аркылуу мээ м-н байланышкан көз алмасынан ж-а ко­шумча бөлүктөрдөн турат. Көз алмасы шар сы­мал, алдыңкы бөлүгүндө жарык сындыруучу аппарат (тунук кабык, чечекей, айнек сымал чел ж. б.) жайгашкан. Жерде-сууда жашоочу­лардын көзүнүн тунук кабыгы өтө томпогой. Сой­лоочулар м-н куштарда көрүү нерви чыга тур­ган жеринде кан тамырга бай таракчасы болот. Куштун көрүү аппараты башка жаныбарга са­лыштырганда күчтүү өрчүгөн. Сүт эмүүчүлөрдүн көзү формасы боюнча жерде сууда жашоочуларды­кына окшош. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдүн (мисалы, кит) көзү тереңде жашоочу балыктарды­кына жакын. Жер астында жашоочу сүт эмүүчүлөрдө (сокур чычкан ж. б.) көз редукция­ла ган. Адамдын К. алмасы К. чарасында жай­гашып, 3 катмардан турат. Тышкы катмардын алдыңкы тунук бөлүгү томпок линзага окшоп, тунук чел (роговица) деп аталат. К. алмасынын сырткы катмарынын калган бөлүгү ак түстүү катуу челден туруп, ак чел (склера) деп аталат. Бул катмар таяныч ж-а коргоо кызматын ат­карып, К. формасын сактайт. Тунук чел жарык­ты жакшы сындыруучу оптикалык касиетке ээ. Анын артында тунук суюктукка толгон алдың­кы камерасы бар. Андан кийин түстүү кабык (жаа сымал кабык) анын ортосунда (борборун­да) карек жайгашкан. Түстүү кабыкта пигмент болуп, анын санына ж-а кабыктын калыңды­гына жараша К-дүн түсү ар түрдүү (кара, көк, кой көз) болот. Бул кабыкта К-дүн карегин чо­ңойтуп, кичирейтип туруучу булчуңу бар. Жаа


Көздүн түзүлүш схе­масы (т уурасынан кесилген): 1–көздүн тунук кабыгы; 2 – көздүн алдынкы ка­мерасы; 3 – чече­кей; 4 – көздүн жаа сымал кабыгы; 5 – коньюнктива; 6 – цилиар денеси; 7 – көздүн ак кабыгы; 8, 16 – көз булчуң­дары; 9 – кан та­мырлуу кабык; 10 – торчо кабык; 11 – айнек сымал дене; 12 – көздүн торчо кабыгынын сары тагы; 13 – артериялар; 14 – көрүү нерви; 15 – көрүү нервинин кабыгы. сымал кабыгы К-дүн ички суюктугун иштеп чыгаруучу кирпиктүү денеге өтөт. Кирпиктүү денеден кан тамырлуу катмар башталат. Булар, жаа сымал кабык, кирпиктүү дене ж-а кан та­мырлуу кабык, К. алмасынын ортонку катма­рын түзөт. К алмасынын ички катмары – торчо катмар. Анын тереңинде жарык сезүүчү таякча­лар ж-а колбочкалар жайгашкан. К-гө түшкөн жарык көрүү нерви аркылуу мээге берилет. К. алмасынын борб. бөлүгүндө чечекей орун ал­ган. Андан кийин айнек сымал килкилдек зат ж-а көздүн алдынкы, арткы камераларындагы суюктук бар. Чечекей эки жагы томпок линза­га окшош тунук, каректин астында жайгашкан. Кирпиктүү дененин кирпикчелеринин жардамы м-н булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжа­сында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө К-дү ыла­йыктап турат. Көпчүлүк омурткасызда (мис., муунак буттууларда) К-дүн кызматын татаал көрүү органдары – фасеттүү К-дөр, К-чөлөр ат­карат, к. Көрүү органдары.