КООН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КООН</b> (Cucumismelo) – ашкабактар тукумунда&shy;гы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлүп
<b type='title'>КООН</b> (Cucumismelo) – ашкабактар тукумунда&shy;гы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлү өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар аркылуу чаңдашат. Коон  – көп уруктуу өсүмдүк.<br> Борбордук ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 <i>кг</i>. КМШ өлкөлө&shy;рүндө, Борбордук  Азия республикаларында (Кыргызстандын түштүгүндө ж-а Чүй облусунда), Волга бою, Молда-
өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар
аркылуу чаңдашат. К. – көп уруктуу өсүмдүк.<br>
Борб. ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 <i>кг</i>. КМШ өлкөлө&shy;рүндө, Борб. Азия респ-ларында (Кырг-ндын түштүгүндө ж-а Чүй обл-нда), Волга бою, Молда-


[[File:КООН27.png | thumb | Коондун «Арабакеч 1219» сорту.
[[File:КООН27.png | thumb | Коондун «Арабакеч 1219» сорту.
]]вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. К. баалуу диеталык азык. Анда
]]вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. Коон баалуу диеталык азык. Анда кант (16–18%), С витамини (60 <i>мг</i> %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. Коон  желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мар&shy;мелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңи&shy;ри таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бу&shy;харка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. Коондун уругу 4–6 <i>см</i> тереңдикке, топурактагы температура 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 <i>га</i> аянт&shy;ка 2–3 <i>кг</i> урук кетет. Кыргызстанда коондун эрте бы&shy;шуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучу&shy;су 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. Коондун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу коондор толук быша электе үзүлүп, сак&shy;талган кезде толук бышат.
кант (16–18%), С витамини (60 <i>мг</i> %ке чейин),
каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. К. желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мар&shy;мелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңи&shy;ри таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бу&shy;харка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон
557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. К-дун уругу 4–6 <i>см</i> тереңдикке, топурактагы темп-ра 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 <i>га</i> аянт&shy;ка 2–3 <i>кг</i> урук кетет. Кырг-нда К-дун эрте бы&shy;шуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучу&shy;су 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу
10–30-июнда эгилет. К-дун түшүмүн жыйноодо
мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу К-дор толук быша электе үзүлүп, сак&shy;талган кезде толук бышат.
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]

05:00, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КООН (Cucumismelo) – ашкабактар тукумунда­гы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлү өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар аркылуу чаңдашат. Коон – көп уруктуу өсүмдүк.
Борбордук ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 кг. КМШ өлкөлө­рүндө, Борбордук Азия республикаларында (Кыргызстандын түштүгүндө ж-а Чүй облусунда), Волга бою, Молда-

Коондун «Арабакеч 1219» сорту.

вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. Коон баалуу диеталык азык. Анда кант (16–18%), С витамини (60 мг %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. Коон желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мар­мелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңи­ри таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бу­харка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. Коондун уругу 4–6 см тереңдикке, топурактагы температура 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 га аянт­ка 2–3 кг урук кетет. Кыргызстанда коондун эрте бы­шуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучу­су 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. Коондун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу коондор толук быша электе үзүлүп, сак­талган кезде толук бышат.