КУДАЯН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КУДАЯН Сарысейит уулу, Кудаян хан (т. ж. б. – болжол менен 1683–84-ж., Фергана өрөөнү) – 17- к-дын 70–80-жылдарында кыргыздарды баш­карган хан. Сарыбагыш уруусунан чыккан Ма­нап бийдин тукуму. Сарысейиттин Үчүкө, Түлкү, К., Эрдене аттуу 4 уулу болгон. Кыргызды аде­генде Үчүкө, Түлкү бийлеп, алар Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөндө, кыргыздын багыш уруу­сунан Калматай, Көкүмдүн уулу Кантейиштер ж. б. кеңешип, К-ды хан көтөрүшкөн. К. баш­карган мезгил оор заманга туш келген. Калмак­тардын кысымына туруштук бере албай, кыр­гынга учураган кыргыздар Ферганага сүрүлгөн [к. Жуңгар хандыгы (1635–1758), Кыргыз-кал­мак (ойрот) согуштары (17–18-к.)]. Элдин ба­шынан өткөн оор кыйынчылыктар К. хандын текеберлигине, жөндөмсүздүгүнө байланышкан. Айрым маалыматтарда Үчүкө, Түлкү өлгөндө К. 10–12 жашар бала экендиги, анын тукуму азыркыга чейин Оро-Төбө, Хожентте турганы жөнүндө айтылат. Кийинки изилдөөлөр б-ча Кочкор, Кет­мен-Төбө, Талас өрөөнүндөгү сарыбагыштын то­голок (томолок) уруусу өзүлөрүнүн түпкү ата­сын К. деп таанышат.


Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Солто­ноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1.. Б., 1993; Сыды­ков О. Кыргыз санжырасы. Ф., 1990. монографиясы бар.


Эмг.: Реперфузионная терапия при остром инфаркте миокарда (в соавторстве). Б., 2000.

Э. Турганбаев.