КУБАТ БИЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КУБАТ БИЙ , К у б а т м ы р з а, К у б а тб е к (т. ж. б. – болжол менен 1758–61, Хожент) – 18-к-дагы кыргыз элинин көрүнүктүү саясий ишмери. Анжияндык кыргыздардын кушчу уруусунан. Кокон хандыгынын жана Чыгыш Түркстандын саясий иштерине жигердүү катышкан таасирдүү жетекчи. 1754-ж. Бухара эмири Мухаммед Рахим менен Кокон башкаруучусу Ирдана бийдин Оро-Төбө ээлиги үчүн болгон күрөштөрүндө К. б. тең ата жана шериктеш башкаруучу. Ал 1754–55-ж. Кашкар, Жаркенд ж. б. ш-ды жуңгарлардан бошотууга катышып, «Бахадур бий» деген титул менен Кашкардын акимдигине дайындалган. Жуңгарлардын атынан өлкөнү башкарып турган ак-тоолуктардын башчысы Бурхан ад-Диндин бир тууганы Хан Кожо 1756-жылдын башталышында Чыгыш Түркстанга келип, Жаркендди башкара баштагандан тартып кожолордун кыргыздарга болгон мамилеси өзгөргөн жана акырындап аларды бийликтен