КРУТИХИН Юрий: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРУТИ́ХИН Юрий (1. 5. 1932-ж. т., Ульянов обл., Веткайский р-ну, Степное айылы) – спорт­чу (шахмат), Кырг-ндын шахмат б-ча көп жол­ку чемпиону. КМДТИни бүтүргөн. 1951–56-ж. ар­миянын катарында кызмат өтөгөн. 1956–65-ж. «Алга» спорт коомунун алдындагы дене тарбия жана спорт к-тинде улук машыктыргыч, 1971– 73-ж. КАЧИде дене тарбия кафедрасынын оку­туучусу, шахмат б-ча улук машыктыргыч бо­луп иштеген. 1961-ж. шахмат б-ча СССРдин спорт чебери деген наамга Кырг-ндан биринчи татыктуу болгон. 1947–51-ж. жаштар арасын­да, 1951–66-ж. Кыргыз ССРинин чемпиону, СССРдин 3–5-спартакиадаларынын катышуучу­су (1959, 1963, 1967), «Динамо» спорт коомунун чемпиону.