КРИКУН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРИКУ́Н Василий Гаврилович (24. 12. 1918, азыркы Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Октябрь кыш. – 10. 3. 2007, Новосибирск) – Сов. Союз.
Баатыры (1943), улук лейтенант. Согушка че­йин «Заря» колхозунда иш-

теген. 1942-жылдан Сов.
Армияда. Улуу Ата Мекен­дик согушта Түш. фронтто салгылашып, Дон жана Крым жерлерин душмандан бошо­тушкан. К. Украинанын Мелитополь ш. үчүн болгон кармашта (1943-ж. 17–25- октябрь) бөтөнчө эрдик көр­сөткөн. Ал атчандардын экинчи ротасынын жарадар болгон командиринин ордуна аскерлерди өз өрнөгү менен шыктандырып, гитлерчилердин бе­кемделген коргонуусун штурм менен алган. Согуш­тан кайтып келген соң, Таш-Көмүр ш-нда, ки­йин Новосибирск ш-ндагы «Сибсельмаш» з-дунда эмгектенген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекен­дик согуш ордендери менен сыйланган.