КРИКУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИКУ́Н Василий Гаврилович [24. 12 (башка маалыматтарда 02). 1918, 24. РСФСР, Түркстан АССРи, Фергана (азыркы Жалал-Абад) облусу, Наманган уезди (азыркы Сузак району), Октябрь кыштагы – 10. 03. 2007, Россия Федерациясы, Новосибирск шаары)] – Советтер Союзунун Баатыры (1943), улук лейтенант. Толук эмес орто мектептен беш жылдык билим алгандан кийин «Заря» колхозунда эмгектенген. 1942-жылы өз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына кабыл алынган жана ошол эле жылы Улуу Ата Мекендик согушка кирип, 4-Украина фронтунда кызмат өтөгөн.

362-аткычтар полкунун отряд командири сержант В. Г. Крикун Мелитополду (Украина ССРи) бошотууда (1943-жылын 12–23-октябрь) душмандын ондон ашык жоокерин жок кылып, рация жана документтери менен экөөнү туткунга алууга жетишкен. Бул эрдиги үчүн СССР Жогорку Советинин Президиумунун 01. 11. 1943-жылдагы жарлыгына ылайык ага Советтер Союзунун Баатыры (№ 1300) наамы ыйгарылган. Согуш мезгилинде сержант В. Г. Крикун 250дөн ашык фашистти жок кылып, жети танк ж. б. жабдыктарын жардырган. 1946-жылы демобилизацияланып, Ош облусунун Таш-Көмүр шаарында иштеп, кийин Новосибирск (Россия) шаарына көчүп кеткен. Сөөгү Новосибирскдеги Клещихинское көрүстөнүнө коюлган. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.1942-жылдан Сов.