КРИВОЩЁКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРИВОЩЁКОВ Алексей Александрович [19. 3. 1907, Новониколаевск ш. (азыркы Новоси­бирск) – 19. 2. 1945, Венгрия, Будапешт] – Сов.
Союз. Баатыры (1943). Калуга курулуш техни­кумун (1929), Новосибирск курулуш ин-тун (1932) бүт­көн. Согушка чейин Кемин р-нундагы Ак-Түз кенинде иштеп, 1942-ж. августта Сов. Армияга чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш­та Талаа фронтунун Красно­град механикалаштырыл­ган корпусунун 19-мех. бри­гадасынын инж. мина рота­сында взвод командири. Бел-

город, Харьков, Полтава ш-н душмандан бо­шотушкан. Кременчуг ш. аркылуу Днепрден өтүүдө бөтөнчө эрдик көрсөткөн. К-дун взводу 2315 минаны зыянсыздандырган. Будапештте курман болгон. Ленин, Кызыл Туу, 2 жолу Кы­зыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. К-дун ысмы өзү кызмат өтөгөн бөлүктүн тизмесине түбөлүккө жазылган.