КРЕМНИЙ КИСЛОТАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРЕ́МНИЙ КИСЛОТАЛАРЫ – кремний ангид­ридинен алынган заттар. Өтө начар, сууда аз эриген к-талар. Таза түрүндө метакремний Н2S2О3 же кремний к-тасы жана орто кремний Н4SiO4 жана экиметакремний Н2Si2O5 к-талары алынган.
К. к-нын өтө каныккан эритмелеринде коллоид­дик бөлүкчөлөр пайда болот. Коллоиддик эрит­мелердин туруктуулугу чөйрөнүн рН-ына, SiO2 концент-на, темп-рага көз каранды болот. К. к­нын эритмелеринин рНы 2-2,5 болсо, коллоид­дик бөлүкчө туруктуу болуп, рН 5-6дан көбүрөөк болсо, коллоиддик бөлүкчөлөр ассоциацияла­нып, гелдер пайда болот. К. к-нын туздары си­ликаттар деп аталат. Аларды алуу үчүн нат­рий же калий силикаттарынын эритмесине туз НСl же күкүрт Н24 к-тасы кошулат. К. к-нын коллоиддик эритмелери кагаз, текстиль ө. ж-нда, суу, минералдык майларды тазалоо жана бириктирүүчү заттар катары; ал эми сили­кагелдер болсо, бууну жана газдарды сиңирип алуучу адсорбент жана агарткыч зат катары кол­донулат.