КРЕМАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КРЕМА́ЦИЯ (лат. crematio – өрттөө) – өлүктү өрттөө; сөөктү жашыруу каадасынын бир түрү. Жазма булактардагы маалыматтар б-ча о. кы­лымдарда кыргыздар жана аларга тектеш түрк уруулары адам каза болгондо, маркумду мин­ген аты менен чогуу өрттөп көмүшкөн. Тахир Мар­вазинин эмгегинде да баяндалат: «Кыргыздар байыртадан маркумду өрттөө жөрөлгөсүн ту­тушкан. От маркумду тазартып, күнөөдөн арыл­тат деген ишеничте болушкан. Алар мусул­мандарга коңшулаш жашагандан тартып, мар­кумду өрттөбөй көмө башташкан». Буддизм жана индуизм динин туткан калктарда К. сакта­лып калган. Айрым элдерде маркумдун сөөгүн өрттөп, көмүү үчүн атайын курулган кремато­рийлер (лат. crematоrium – өрттөйм) колдону­лат. Алгачкы крематорий 1876-ж. Миланда ку­рулган.